Эми 30 же андан ашык календарлык күн бою милдеттерин аткарбаган Мамдуманын депутаттары мөөнөтүнөн мурда мандатынан кол жууйт.
Мыйзам кечетен тарта күчүнө кирди.
“Адилет Орусия” депутаттары сунуштаган мыйзам долбоорун Мамдума 2016-жылдын 22-апрелинде кабыл алган. Ал эми 27-апрелде аны Федерация Кеңеши жактырган.