Украинанын Орусиядагы элчилигинин сайтында маалымдалгандай, элчилик бүгүн аталган стелага өлкө желегине түспөлдөш сары-көк түстөгү гүлдөрдөн куралган гүлчамбар койду.
“Белгисиз жоокердин бейити” аталган мемориалдык архитектуралык ансамбль Кремлдин алдына 1966–1967-жылдары тургузулган. Ал бардык баатыр шаарлардын аталышы жазылган кочкул кызыл түстөгү порфирден жасалган тектирчелерден турат. Тектирчелерде ошол шаарлардын топурагы салынган капсулалар жайгаштырылган.