Ссылки доступа

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду


Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын кабарлады. Бирок элдин колундагы акчалар  колдонула берет.

Бул чечим 500 евролук ири купюраны кылмышкерлер мыйзамсыз кирешесин сактоо жана террорчулукту каржылоо максатында көп пайдаланып жаткандыктан кабыл алынган.

AFP агенттигинин эсебинде, 500 евролук купюралардан турган миллион евронун салмагы болгону 2 килограмм 200 грамм болот да, ноутбук салынчу баштыкка оңой эле батып кетет. Эгерде бул сумма 50 евролук акча менен топтолсо, салмагы болжол менен 22 килограммды түзүп, спорттук чоң баштыкка салуу керек болот.

XS
SM
MD
LG