Ссылки доступа

Орусия Өзбекстанга 7 миңдей камалган адамды өткөрүп берет


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев камактагыларды алмашуу туурасында келишимге кол койду.

Эркинен ажыратылгандарды алмашуу жөнүндө Орусия Федерациясы менен Өзбекстандын ортосундагы келишимдин долбоору 4-майда Орусия өкмөтүнүн укуктук маалымат сайтында жайгаштырылган. Документ Орусиянын мамлекеттик органдары жана өзбек тарап менен макулдашуудан өттү.

Келишимдин алтынчы бөлүгүндө камактагыларды Орусиядан Өзбекстанга которуу- камалган адамдын жазуу түрүндө макулдугунун негизинде жана анын жаш курагына, саламаттыгына байланыштуу гана болушу мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн.

Орусияда 564 миң камалгандардын ичинен болжол менен 28 миңи чет элдиктер болуп саналат. Анын ичинде, орус түрмөлөрүндө Өзбекстандын 6 786, Украинанын 2 964, Азербайжандын 2 846 жараны жазасын өтөөдө.

XS
SM
MD
LG