Ссылки доступа

Тажикстанда имамдар “салафиттерди” таап чыга турган болушту


Коргон-Төбө мечиттеринин айрым имам-хатибдери аларды тыюу салынган “Салафия” агымынын мүчөлөрүн аныктап, таап чыгууга милдеттендирип жатышкандыгын айтышууда.

Тажикстандын укук коргоо жана бийлик органдары атайын чогулуш өткөрүп, ага Хатлон облусунун Коргон-Төбө аймагынын 25 шаар-райондорундагы имам-хатибдер катышкан. Алар жаштардын “Салафияга” азгырылуусуна бөгөт коюп, “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуусунан коргоп калууга милдеттендиришкен.

“Азаттыктын” тажик кызматы маалымдашынча, бул чогулушта Сирия менен Ирактагы согушка Хатлондон 200 чамалуу тургун катышып жаткандыгы айтылган. Алардын отузу – жашы жете электер, 20сы – аялдар.

Пянж районундагы Эшон Жамшед атындагы мечиттин имам-хатиби Хабибулло Файзуллаев билдиргендей, мечиттерде намаз окуу учурунда ким кандай сыйынып жаткандыгына көңүл буруп, тыюу салынган агымдар менен уюмдардын мүчөлөрүнүн иш-аракеттеринен кабардар болуп турууга тапшырма алышты.

Мындай чогулуш Нурек менен Шахритустун 20 чакты тургунун “Ислам мамлекетинин” кара желегин илип алгандыгы үчүн эркинен ажыратылгандан кийин өткөрүлгөн. Хатлон облусунун прокуратурасы ушул жылдын алгачкы үч айында экстремисттик мүнөздөгү 132 кылмыштын бетин ачып, облустун ондогон жашоочуларына иши козгогон.

XS
SM
MD
LG