Парламент 22-майда жаңы премьер-министр тандашы керек. Давутоглу бул кызматка эми талапкер болбой турганын кошумчалады:
- Мен эч качан кызмат үчүн жан үрөгөн эмесмин. Мындан кийин да өкмөт башчы болууга талапкер болбойм. Эгер каалоом жок болсо, партия да менин талапкерлигимди көрсөтпөйт,- деген Давутоглу бийлик алмашуу тынч өтүп, партиянын бүтүндүгү сакталышы керектигин белгиледи.
Жергиликтүү жана Батыш маалымат булактары тараткан кабарларга ылайык, Давутоглу президент Режеп Тайып Эрдоган менен саясий тирештен улам кызматтан кетүү чечимин кабыл алган.
Союздаш саналган эки саясатчынын шаршемби күнү узакка созулган сүйлөшүүсү ийгиликсиз болгон.
Эксперттердин айтымында, Батышта реформачыл катары аброй тапкан Ахмет Давутоглунун бийликтен кетиши Анкаранын Европа Биримдиги жана АКШ менен мамилесинде татаалдыктарды жаратышы ыктымал.