Бейшембиде Идлиб провинциясындагы Сармада калктуу конушунда жайгашкан лагерге авиасокку урулган. Аны ким жасагандыгын укук коргоочулар азырынча айта алышпайт.
Сирия оппозициясына ыктаган жергиликтүү координациялык комитеттердин мааалыматы боюнча аба чабуулунан кийин лагерде өрт чыккан. Фейсбукта жайгаштырган сүрөттөрдө ондон ашык чатырдын күйүп жаткандыгы көрүнүп турат.