Ссылки доступа

Тажикстанда 9-майда теракт жасоого шектелгендер кармалды


Тажикстандын расмий адамдары Дүйшөнбүдө  9-май – Жеңиш майрамы учурунда террордук акт жасоону пландаган төрт киши кармалганын билдирди. Алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун мүчөлөрү экени кабарланды.

Ички иштер министрлиги тараткан кабарга ылайык, алар Орусия полициясы берген маалыматтын негизинде колго түшкөн.Шектүүлөрдүн бири Дастан Меикулов 6-майда Орусиядан Душанбеге учуп келген кезде кармалса, шериктери өлкөнүн түштүк тарабында колго түшкөн.

Орусия полициясы 2-майда Москвада террордук актыларды пландаган борборазиялык бир канча жаран колго түшкөндөн соң, Тажикстанга маалымат жиберген.

Тажик өкмөтү жүздөгөн жарандары Сириядагы жана Ирактагы ДАИШке кошулуп кеткенин билдирип келет.

XS
SM
MD
LG