Ссылки доступа

“Панама документтеринин” жаңы бөлүгү интернетке жарыяланды


Дүйнө лидерлеринин оффшордук эсептерин ашкерлеген маалыматты камтыган “Панама документтеринин” дагы бир бөлүгү интернетке жарыяланды.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму 9-майда жарыялаган документте 200 миңден ашык оффшордук эсептер тууралуу маалымат камтылган. Бул документтер менен offshoreleaks.icij.org дарегиндеги сайттан таанышса болот.

Эл аралык иликтөөгө катышкан орус журналисттеринин маалыматында, Орусиянын эки миңге жакын жараны оффшордук компанияларды каттаткан.

Журналисттик иликтөөлөрдүн эл аралык консорциуму бир ай мурун дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттериндеги саясатчылар менен ири ишкерлердин арам акчаны офшордук схемалар аркылуу адалдоосун чагылдырган көлөмдүү баяндама жарыялаган.

Бул документтерде КМШ өлкөлөрүнөн орус президенти Владимир Путин жана жакын санаалаштарынын, Казактандын башчысы Нурсултан Назарбаев менен байланыштагы ысымдар жана украин президенти Петр Порошенконун, Азербайжан президенти Илхам Алиевдин аты аталган.

XS
SM
MD
LG