Ссылки доступа

Кыргызстан: бир депутат үчүн үч бөлмө


Экс-спикер Асылбек Жээнбековго Акүйдүн 3-кабаттынан үч бөлмө берилет. Учурда аларды бириктирүү боюнча ремонт иштери жүрүүдө.

"Азаттыктын" парламенттик кабарчысы билдиргендей, анын бирөө иш бөлмө, экинчиси конокторду тосуп узатуучу жер, үчүнчүсү экс-спикердин эс алуу бөлмөсү болот. Мындан тышкары өзүнчө даараткана салынат.

Буга чейин Асылбек Жээнбеков үчүн 4 иш бөлмө бириктирилери айтылган болчу. Бул социалдык түйүндөрдө катуу сынга алынган.

Экс-спикер Асилбек Жээнбеков парламентти акыркы эки чакырылышта жетектеди. Апрель айында бир тууганы Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчылыгына келгенден кийин төрагалык ордун бошотуп берген.

XS
SM
MD
LG