Ссылки доступа

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти


Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27 миң доллар) максатсыз коромжу кылгандыгы үчүн айыпталууда. Сонку бир нече жыл ичиндеги чыгашаларды бухалтердик текшерүү аныктады.

«Холид ибн Валид» мечитине келген анжияндыктардан «Хидоят» жана «Ислом нури» гезиттерине жазылууну сурашып, түшкөн акчаны мечит кызматкерлери алып турган. Мындан тышкары битир-зекет үчүн каражат чогултулган.

Жарандарга квитанция берилгени менен 173 миллион сум бухалтердик дептерге жана банктык эсепке кириштелген эмес. Бирок кызматкерлер акча мечит имаратын ремонттого жумшалганын айтышууда.

Айрым маалыматтар боюнча садакалардан түшкөн жылдык киреше 100 миллион сумду (15,5 миң доллар) түзөт. Жергиликтүү жашоочулар болсо акча чындап эле ремонт үчүн коротулганын тастыктап берүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG