Ссылки доступа

Казакстанга картошка сатуу маселеси Астанада талкууланат


Буга байланыштуу 11-майда кыргызстандык адистер Астанага барып, казак тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү. Бул тууралуу 10-майда өкмөттүк жыйында маалым болду.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков кыргызстандык дыйкандардын ЕАЭБден үмүтү чоң болгонун билдирди. Ал эми вице-премьер-министр Олег Панкратов казак тарап менен бул багытта сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты. Анын сөзү боюнча, кыска убакытта казак тарапка картошка сатууну жандантуу аракеттери көрүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, казак тараптан “Кыргызстандан картошка алып кирилбесин” деген расмий тыюу келген эмес, бирок иш жүзүндө кыргызстандык дыйкандар Казакстанга картошкасын сата албай жатышат.

Расмий маалыматтар боюнча, жыл башынан бери Казакстанга Кыргызстандан 1,4 миң тонна картошка экспорттолгон, анын ичинен 113 тоннасы кайтарылган.

XS
SM
MD
LG