Ссылки доступа

Мас абалдагы кыргызстандык кыздын айынан учак кеч учту


Air Astana авиакомпаниясынын «Алматы – Куала-Лумпур» аба каттамында 23 жаштагы Кыргызстандын жараны мас болуп алып, чатак чыгарган. Informburo.kz. маалымдашынча, бул айым жүргүнчүлөр менен стюардессаларды жаман сөздөр менен тилдеп, сөккөнгө чейин барган.

Алматы полициясынын линиялык бөлүмүнө Air Astana компаниясынын авиациялык кызматынын өкүлү телефон чалган. Ал Алматы - Куала-Лумпур авиа каттамынын жүргүнчүлөрүн ордуларына жайгаштыруу учурунда Кыргыз Республикасынын 1994-жылы туулган жараны мас экендиги аныкталгандыгын кабарлаган.

Полиция аталган кызга карата Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча административдик протокол түздү.

Анын айынан учак белгиленген убакыттан 45 мүнөт кечигип сапар алган.

XS
SM
MD
LG