Ссылки доступа

Украин учкучун алмаштыруу жараяны болбой калышы мүмкүн


Жактоочу Оксана Соколовская Киев соту тарабынан күнөөлүү деп табылган орусиялыктар- Евгений Ерофеев жана Александр Александровду украин учкучу Надежда Савченкого айырбаштоо иши токтоп калганын белгилейт.

Чалгынчы Ерофеевдин жактоочусунун айтымында, Орусия жана Украина президенттери ырайым кылгандан кийин, соттолгондорду алмаштыруу боюнча макулдашууга жетишилген.

“Биз билгендей, бул-эки тараптуу келишим. Орусия менен Украина бул маселеде тыным алды. Жүзөгө али аша элек белгилүү келишимдер бар болчу. Балким, тараптар Ерофеев менен Александровго карата соттун өкүмүнүн күчүнө киришин күтүп жаткандыр. Бирок мен азыр бул алмашуу жараяны жүзөгө ашпай калышы мүмкүн деген жыйынтыкка келип жатам. Эгер өкүмдүн мыйзамсыз экендигин билдирип, апелляция бербесек, кийин арыздануу укугунан ажырайбыз. Адам укуктары боюнча европалык сотко дагы кайрыла албай калабыз”,-деди Оксана Соколовская “Азаттыктын” орус кызматына берген маегинде.

Анын айтымында, буга чейин Орусия жана Украина президенттеринин ырайымы аркылуу соттолгондорду алмаштыруу боюнча макулдашууга жетишилген.

XS
SM
MD
LG