Ак үйдүн билдирүүсүндө белгиленгендей, Хиросимага сапар Барак Обаманын дүйнөнүн тынчтыгы менен коопсуздугун өзөксүз куралсыз камсыздоо боюнча өзгөрүүсүз бойдон калып жаткан мүдөөсүн көргөзмөкчү.
Обама Жапонияда премьер-министр Синзо Абэ менен сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп, эки өлкөнүн экономикалык, коопсуздук чөйрөлөрүндөгү жана башка бир катар глобалдык маселелер боюнча кызматташтыгын талкууламакчы.
АКШ президенти Жапония менен Вьетнамга 21-28-май күндөрү барат.
АКШ 1945-жылдын 6-августунда Хиросимага кубаты 15 килотонналык атомдук бомба таштаганда 80 миңдей кишинин өмүрү кыйылган.
Мындан үч күндөн кийин атомдук бомба Нагасакиге ташталып, ал Экинчи Дүйнөлүк согуштун тезирээк аякташына түрткү болгон.