Ссылки доступа

Окумуштуулар Кыргызстандан соолуган океандын фрагментин табышты


Эл аралык окумуштуулар тобу Кыргызстандын Тянь-Шань тоолорунан илгери соолуп калган океандын аралдарынын фрагменттерин табышты. Бул туурасында Новосибирск мамлекеттик университетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, изилдөөгө Орусия, Германия, Улуу Британия жана Жапониянын өкүлдөрү катышты. Анын натыйжалары Gondwana Research илимий журналында жарыяланган.

Аталган университеттин улук илимий кызматкери Инна Сафонованын айтымында, байыркы аралдардын фрагменттери Кыргызстандын аймагындагы түштүк Тянь-Шань тоо кыркаларынан табылган.

«Мында сөз океан тектери жөнүндө гана болгон жок. Биз океандык аралдардын фрагменттерин таптык. Окумуштуулардын эсебинде, аларга 55 миллион жыл болгон”, - дейт Сафонова.

Окумуштуулар Түркстан деп аталган же Түштүк-Тянь-Шань палеокеаны качандыр бир кезде Казакстан менен Тарим палео-континенттеринин ортосундагы аймакты ээлеген деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG