Ссылки доступа

Фейсбукта жалаа жабууга байланышкан жеке доо арыз четке кагылды


Павлодар шаардык соту журналист Александр Барановду толугу менен актады. Калемгерди жергиликтүү бизнесмен жалаа жапкан деп айыптап, арыз жазган.

Барановдун жактоочусу Фейсбукта жарыяланган посттун скриншотун тааныбай тургандыгын билдирип, анын жасалма эместигин тастыктаган юридикалык далилдерди талап кылган.

Журналистке каршы кылмыш иши «Нефтехим LTD» компаниясынын мурдагы жетекчиси Ерлан Кусановдун жеке доо арызынын негизинде ачылган. Себеби фейсбукта адам өмүрүн алган окуядан улам Курсанов отставкага кеткендиги жөнүндө маалымат таркаган. Ишкер муну четке кагат. Ал Барановду ММКны колдонуу менен ага жалаа жапты деп айыптаган жана 10 миллион теңге кенемте талап кылган.

"- Мен башка жыйынтыктарга даяр болчумун, бирок чечим ушундай болгонуна кубанычтамын. Менимче, сот адилет жана юридикалык жактан туура чечим кабыл алды, анткени менин күнөөмдү тастыктаган эч кандай далилдер келтирилген жок”, - деди Александр Баранов.

XS
SM
MD
LG