Жардырууга жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу өзүнө алды. Бул окуя Багдаддагы эң үрөй учурган теракт деп сыпатталууда. Маалыматтарга караганда, Садр районунда жанкечти жардыргыч зат жүктөлгөн унаа менен базарга чабуул койгон.
Reuters агенттиги Ирак полициясына таянып, курмандыктар саны дагы өсүшү ыктымалдыгын билдирди. Экстремисттик топтун он-лайн билдирүүсүндө суннитер шиит кошундарын бутага алганы белгиленет.
Апрелдин башында Багдадда бир нече ири жардыруу катталып, ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул жолкусу сонку мезгилдеги эң ири капсалаңдуу окуя катары бааланууда.