Ссылки доступа

Дүйнөдө жылына 2 триллион долларга жакын пара берилет


U.S. -- International Monetary Fund(IMF) Managing Director Christine Lagarde speaks during a press conference at IMF headquarters in Washington, November 30, 2015
U.S. -- International Monetary Fund(IMF) Managing Director Christine Lagarde speaks during a press conference at IMF headquarters in Washington, November 30, 2015

Жыл сайын дүйнөдө 1,5-2 триллион доллар пара катары берилет. Бул дүйнөлүк дүң өнүмдүн 2% жакынын түзөт. Бул тууралуу Эл аралык валюта корунун башчысы Кристин Лагард билдирди.

Лондондогу коррупция менен күрөшүүгө арналган саммитке жолдонгон ачык катында Лагард коррупция экономикага бүлгүн салып, билим берүү, саламаттык сактоо жана башка тармактарга сарпталчу акчаны кыскартып жатканын белгилеген.

МВФ башчысынын айтымында, коррупциянын кыйыр зыяны мындан да олуттуу. Ал экономикалык өнүгүүгө бөгөт болуп, кирешелердин теңсиздигине алып келет.

Ошондой эле Лагард коррупция жарандардын өкмөткө болгон ишенимин өчүрүп, этикалык стандарттарды жоёт деп белгилеген.

Лондондогу антикоррупциялык саммитке 40 өлкөнүн өкүлдөрү, анын ичинде 11 өлкөнүн лидерлери катышууда.

XS
SM
MD
LG