Ссылки доступа

“Чет элдик тыңчылар” Кыргызстанда азырынча болбойт 


Жогорку Кеңеште “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзам долбоор кабыл алынган жок. Депутаттардын көпчүлүгү бул демилге жарандык коомду чектеп, өлкөгө келген эл аралык жардамдын кыскарышын шарттайт деп каршы чыгышты.

"Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзам долбооруна Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берди. Демилгенин өтүшү арасат абалда экени талкуулоо учурунда эле белгилүү болгон.

Мыйзам долбоорду кабыл алууга болот деген корутундуну парламенттин Конституциялык мыйзамдар, сот-укуктук жана адам укуктары боюнча комитети берген. Анын төрайымы Галина Скрипкина мыйзам долбоор бардык коммерциялык эмес уюмдарга тиешеси жок экенин жана өлкөдөгү 73 гана уюмга таандык болорун айткан. Бирок аттарын атай алган эмес.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Карамат Орозова бейөкмөт уюмдар эл менен тыгыз иштей тургандыгын ырастады. “Өлкөдөгү парламентаризмди колдоо боюнча долбоорду аткарып жатышат. Мамлекеттин колу жетпеген маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүшүүдө. Ошондуктан, бул демилгеге каршымын”, -деди эл өкүлү.

Кыргызстанда беш миңге жакын коммерциялык эмес уюм иш алып барат. “Коммерциялык эмес укук” боюнча эл аралык борбордун эсебинде, алардын 65 пайыздан ашыгы толугу менен чет өлкөлүк каржынын негизинде ишмердик жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG