Айыл чарба жерлерин чет өлкөлүктөргө узак мөөнөттүү ижара берүүнү сунуштаган “Жер кодексине” өзгөртүүлөргө каршы Казакстандын бир нече шаарында нааразылык акциялары өткөн.
Өлкөдөгү нааразылык акцияларынан улам өлкө бийликтери “Жер кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүүгө бир жылдык мораторий жарыялаган.
Бирок бул акцияга катышкан бир нече активист кармалып, айрымдарына "социалдык кастыкты козутту" деген айып тагылды.
Өткөн жумада президент Нурсултан Назарбаев массалык толкундоолордон кийин "Жер кодексине" өзгөртүү киргизүүгө мараторий жарыялаган.