Ссылки доступа

Француз саясатчы айымдар сексуалдык асылууларга каршы


Францияда мурда министр болуп иштеген 17 айым сексизм менен тийишүүлөргө каршы биргелешкен билдирүү жасашты. Алар саясий чөйрөдөгү сексуалдык тийишүүлөр туурасында “эми унчукпай койбойбуз” деп билдиришкен.

Сексуалдык асылууга кабылгандардын арасында Эл аралык валюта фондунун жетекчиси Кристин Лагард да бар. Айымдар “ар бир бешинчи аял жумушунда сексуалдык асылууга дуушар болот, бирок аны ачык айтып чыкпайт” деп эсептешет. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу кабарлаган.

Өткөн жумада француз парламентинин төмөнкү палатасынын вице-спикери Дени Бопен сексуалдык тийишүүгө айыпталгандан кийин отставкага кеткен. Саясатчы өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана сотко кайрыла тургандыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG