Ссылки доступа

Тажикстан Кувейт инвестициясынан үмүт артат


Тажикстан президенти Эмомали Рахмондун Кувейтке болгон иш сапары учурунда эки өлкө алакасын жакшыртуу максатында 6 документке кол коюлду.

Тажикстан президентинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, тышкы иштер министрликтеринин кеңешүүсү, коопсуздук маселеси, билим берүү жана илим, аба билдирүүлөрү жана айыл чарба тармагында кызматташуу боюнча документтерге кол коюлду.

Буга чейин Тажикстан менен Кувейттин ортосунда кызматташуу боюнча 11 документ болсо, эми алардын саны 17ге жетти. Эмомали Рахмон сапардын алкагында Кувейттин эмири, шейх Сабох ал-Ахмад ал-Жабир ас-Сабох жана мураскор ханзаада, шейх Навоф ал-Ахмад ал-Жабир ас-Сабох менен жолукту.

Жолугушуу учуруна экономика жана соода багыттарындагы алакага өзгөчө басым жасалып, энергетикалык, автожол жана инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга макулдашышты.

XS
SM
MD
LG