Ссылки доступа

Сирия боюнча сүйлөшүүлөр натыйжа берген жок


Сириядагы жаңжалды жөнгө салууга арналган Венадагы эл аралык сүйлөшүүлөр аягына чыкканы менен өлкөдөгү “өткөөл саясий мезгил” жөнүндө маселе чечилген жок.

АКШ мамкатчысы Жон Керри өлкөдө бейпилдик орнотууга байланышпаган маселелер боюнча макулдашуулар жетишилгендигин билдирди. Анын пикиринде, Сирияны саясий жактан өзгөртүүчү шарттар 1-августан кечиктирилбей түзүлүшү керек. Анткен менен кийинки жолугушуу качан болорун тараптар так белгилешкен эмес.

Орусиянын колдоосуна ээ болгон Башар Асад кызматынан кетүүгө даярмын деп айтуудан алыс. Орусия ТИМ башчысы Сергей Лавров Москва Сирия президентин эмес, терроризмге каршы күрөштү колдой тургандыгын баса белгиледи.

Орусия, АКШ, Европа жана Жакынкы чыгыш өлкөлөрү Сирия президенти Башар Асаддын аскерлери менен оппозициянын куралдуу күчтөрүнүн ортосундагы ок атышууну токтотуу үчүн зарыл болгон бардык нерсени жасоого белсенгендигин билдиришти.

XS
SM
MD
LG