Ссылки доступа

ММК: көрүстөндөгү мушташ турмуштук жагдайдан улам чыккан


Хованский көрүстөнүндө чыккан жаңжалга жалданган жумушчулар менен эмгек мигранттарынын ортосундагы күнүмдүк маселелер себеп болушу мүмкүн. Мындай версияны орусиялык «Коммерсант» гезити жазып чыкты.

Эмгек мигрантына тапшырма берген адам жумуш үчүн акы төлөөдөн баш таркан, кийинки күнү көрүстөнгө келгенде бейиттин өтө начар абалда экендигине күбө болгон. Ал өзүнүн спортчу тааныштарына кайрылган. Гезит жазгандай, алар кырдаалдан пайдаланып, эмгек мигранттарына салык салып же кирешелүү аймакты бошотууга мажбур кылууну көздөшкөн. Бирок мигранттар каршылык көрсөтүп, жардамга бир нече жердештерин чакырышкан. Натыйжада алгач кол салгандар аз санда болуп калгандыктан, ок чыгаруу менен көрүстөндөн чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Анткен менен үлгүршкөн эмес.

Бул божомолго ылайык, мушташтын уюштуруучусу катары аты аталып жаткан көрүстөндүн мурдагы директору Юрий Чабуев чындыгына жаңжалдын алдын алууга аракет кылган болушу ыктымал.

Орусиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына карганда, Хованский көрүстөнүндөгү мушташка 200дөй адам катышкан. Кагылышуу учурунда үчөө набыт кетип, 20дай киши ооруканага жаткырылган. Жүзгө чукул адам кармалган. Жаңжал каржы маселелеринен улам келип чыккандыгын айтылууда.

XS
SM
MD
LG