Ссылки доступа

Украинадагы орусиялык банктар бизнесин саткысы келет


"Сбербанк", ВТБ жана Внешэкономбанк Украинадагы филиалдарын сатууга белсенүүдө. Бул тууралуу "Коммерсант" жазып чыкты.

ВТБ банкынын президенти Андрей Костиндин айтымында, каржы мекемелери мындай кадамга олуттуу жоготуулар болуп жаткандыктан барышууда. Андан тышкары орусиялык банктардын Украинада иш алып баруусу өтө саясатташтырылып жаткандыгы белгиленүүдө.

Анткен менен Украинанын Улуттук банкынын маалыматына караганда, Внешэкономбанк менен ВТБнын филиалдарын сатыкка коюуга эч кандай олуттуу негиздери деле жок. Анткени алар жыл жыйынтыгы боюнча чыгымдарын толук жабышкан. "Сбербанк" ал гана эмес пайда да көргөн.

Биринчи жолу орусиялык банктар Украинадагы филиалдарын сатууга ниетин билдиришүүдө. Эксперттер муну саясий факторго байланыштырышат. Анткени “орусиялык капиталга ээлик кылган банк үчүн Украинада иштөө абдан ыңгайсыз”.

XS
SM
MD
LG