Осетинская Financial Times басылмасына маек берип, журналисттерден Орусия президенти Владимир Путиндин жакын адамдарына тиешеси бар делген оффшордук компаниялар туурасындагы иликтөөлөрдү улантууну өтүнгөн. Анын пикиринде, журналисттер туура эле иш кылышкан.
13-майда РБК жетекчилиги гезиттин башкы редактору Максим Солюсту, шеф-редактор Елизавета Осетинскаяны жана маалымат агенттигинин башкы редактору Роман Баданинди иштен алган.
“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму бул кадамды Орусиядагы көз карандысыз журналистиканы “ооздуктоо” деп атады.
Кремлдегилер РБКдагы иштен алууларга тиешеси жоктугун белгилешүүдө.