Ссылки доступа

Украинада депортация курмандыктары эскерилди


Киев жана Украинанын башка шаарларында Крым татарларын департациялоонун курмандыктары эскерилди.

Украина президенти Петр Порошенко крым-татар элинин трагедиясынын кайталанышына дүйнө жол бербеши керектигин айтты. Ал Украина сөзсүз түрдө Крымдын суверенитеттүүлүгүн кайтара тургандыгын баса белгиледи. Порошенко жарым аралда Крым татарларына автономия берүү үчүн өлкөнүн Конституциясын өзгөртүүнү демилгелей тургандыгын жарыялады.

Жыл сайын Депортация күнүнө карата Крымда массалык иш-чаралар болуп келген. Бирок Орусия аннексиялап алган Крым бийлиги үч жылдан бери Симферополдун борборунда салтка айланган аза митингин өткөрүүгө уруксат бербей келатат.

Мындан 72 жыл мурда, 1944-жылдын 18-майында Крым татарларын күчтөп көчүрүү башталган. Совет бийлиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда фашисттик Германия менен кызматташкан деген жүйө менен 200 миңдей элди Орто Азия аймагына депортациялаган. Жолдогу кыйынчылыктан жана ачкачылык менен ар кандай оорулардан 30 миңден ашуун адам ажал тапкан.

Крым татарларына мекенине кайтууга 1989-жылы гана уруксат берилген.

XS
SM
MD
LG