Ссылки доступа

ЕККУ шайлоодо Донбасска полициялык миссиясын жөнөтүшү мүмкүн


Донбасстын жикчилдер көзөмөлдөгөн райондоруна жергиликтүү шайлоо маалында ЕККУ полициялык миссиясын жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн кароодо. Бул тууралуу уюмдун башкы катчысы Ламберто Занньер билдирди.

Анын айтымында, миссия куралдуу жүз адамдан турушу ыктымал. Азыр Украинанын чыгышында ЕККУнун байкоочулары иштеп жатат. Аларда курал жок жана аймактагы элдешүүнүн сакталышына көз салышууда.

ЕККУнун башчысы Украина президенти Петр Порошенко сурангандай, миссиянын форматын Донбасста жаңжалдашкан эки тараптын тең макулдугу менен өзгөртсө болорун белгиледи.

Киев куралданган полициялык миссияны Донбасска жөнөтүүнү кубаттайт, Москва менен жикчилдер буга каршы.

Украин бийлиги ЕККУнун полициялык миссиясы келсе, орус аскерлери жана техникалары чыгарылса, чыгыштагы чек араларда украин көзөмөлү калыбына келтирилсе гана көзөмөлдөн чыгып кеткен аймактарда шайлоо өткөрүү мүмкүн экендигин бир нече сапар жарыялаган.

Киев жана Батыш өлкөлөрү Москваны жикчилдерге аскер кызматкерлерин жана куралдарын жөнөтүү менен колдоп жатат деп айыптап келет. Орусия бул кинелерди четке кагат. Москва жергиликтүү бийликтин укуктарын кеңейтүүчү мыйзамдарды кабыл албай, Украина тынчтыкты камсыз кылуу жараяндарын кечеңдетүүдө деп жарыялоодо.

XS
SM
MD
LG