Ссылки доступа

Canal+: "России 24" каналынын айыбы ачылды (видео)


Популярдуу Canal+ телеканалынын Le Petit Journal көрсөтүүсү Дмитрий Киселевдун “Россия 24” каналында көрсөтүлгөн жана Францияга арналган телесюжетинин чыныгы жүзүн ачты.

Аталган орусиялык телеканал “мигранттардан чарчагандыгын” билдирген француз евроскептиктери туурасында сюжет жасаган. Анда евроскептицизмге тиешеси жок жана эмгек жөнүндөгү жаңы мыйзамга каршы чыккан нааразычылык акцияларынан алынган кадрлар колдонулган.

Сюжет жөнөкөй демонстранттардан жана Франциянын мурдагы мамкатчысы Брюно Ле Мэрден алынган интервью менен коштолгон. Алардын сөздөрү кадрдан тышкаркы үн менен которулуп берилип, чынында эмне деп айтып жатканы угулбай калган.

Француз журналисттери Дмитрий Киселевдун көрсөтүүсүндөгү каармандарды таап, аларга сюжетти көрсөтүшкөн. Бардык каармандар сөздөрү бурмаланып, таптакыр башка мааниде берилгенин билдиришкен.

Сюжетте мигранттар Париждеги лицейди басып алышкан соң, аны жаап салууга туура келгендиги жөнүндө эпизод бар. Чындыгында ал лицей 2011-жылы массалык миграция агымы баштала электе эле жабылган экен.

Француз телеканалы даярдаган сюжеттин каармандары журналисттерди котормону так жасоого чакырып, орусия телекөрсөтүүсү алардын ишенимине доо кетирип, намысына тийгендигин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG