Ссылки доступа

Атырау менен Алматынын борбору полициянын катуу көзөмөлүндө


Атырау менен Алматынын борбордук аянттары тартип сакчыларынын катуу көзөмөлүндө. Мында бийлик тарабынан жер маселесине байланыштуу жалпы республикалык митинг өткөрүүгө тыюу салынган болчу.

Атырау шаарынын борбордук аянты темир тосмо менен курчалган. Анын жанында тартип сакчылары турат. Аянтка жакын жерде полиция унаалары менен автобустары жайгаштырылган. Бирок алардын саны баштагыга караганда кыйла аз.

Эки күн мурун Казакстандын ар кайсы шаарларында жер реформасына нааразычылык билдирүү үчүн эл тынч митинг уюштурууга аракет кылган. Алматы, Астана, Атырау, Актөбө, Орол шаарларынын борбордук аянттары полиция тарабынан курчоого алынган. Түшкө жакын он чакты адамды, анын ичинде "Азаттыктын" тогуз кабарчысын кармап кетишкен.

ЕККУнун басма сөз эркиндиги боюнча өкүлү Дуня Миятович Казакстандагы митингдерди чагылдыруу үчүн келген журналисттердин массалык түрдө кармалуусун айыптады. ИИМ администрациялык полициясынын комитетинин төрагасы Игорь Лепеха журналисттердин кармалышын түшүнбөстүк болуп кетти деп атады. ИИМ басма сөз кызматы калемгерлерди кармаган полиция кызматкерлери жазалана тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG