Ссылки доступа

Өзбекстанда мекенине беш жыл бою келбеген жарандар атайын тизмеге алынууда


Өзбекстанда атайын кызмат чет өлкөдө жүргөн жарандардын тизмесин түзүүдө. Махаллялардын биринде эки жылдай сакчы болуп иштеген адамдын “Азаттыктын” өзбек кызматына берген маегинде, ал Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү менен бирге айылды үймө-үй кыдырып, маалымат чогултууга көмөк көрсөткөн.

– Бул тизмелер ТИМдин консулдук бөлүмүнө жөнөтүлөт. Андан кийин бул кишилер өздөрү туурасында элчиликке билдиришкен беле текшерилет. Бизге түшүндүргөндөрүнө караганда, алардын жарандыктарын токтоосуз түрдө алып ташташат. Андан кийин аны калыбына келтирүүгө мүмкүн болбойт, -деди сакчы.

Сакчы махалляны ИИМ жана УКК тыкыр көзөмөлгө алып баштагандыктан жана иш көп болгондуктан жумуштан чыгып кеткен.

– Азыр ар бир махалляда төрт кишиден турган атайын топ иштеп атат. Тилкелик милиция, сакчы, төрага таң эрте айылды кыдырат. Алар үйдөн канча адам чет өлкөгө кеткендигин, эмне иш менен алектенип жатышкандыгын, акыркы сапар качан мекенине келишкенин тактап, анан эки тизме түзүшүүдө. Биринде - чет жакка чыгып кеткендер, экинчисинде - келгендер жөнүндө маалыматтар камтылган. Кеткендердин тизмеси улуттук коопсуздук кызматына, келгендердики - Ички иштер министрлигине жөнөтүлөт. Эгер жаран Өзбекстанда үч жылдан бери жок болсо, туугандарынан телефон номурун алып, мекенине кайтып келүүнү талап кылып чалышат, -дейт мурдагы сакчы.

Ушул жылдын февраль айында Өзбекстандын ИИМи чет өлкөгө чыгып кеткен 75 жарандын маалыматы чогултулганын жана алар каттоого алынганын расмий турдө жарыялаган. Мындан тышкары мекенине кайтып келген дагы 70 миңден ашуун киши менен сүйлөшүп, сурак жүргүзүшкөн.

XS
SM
MD
LG