Ссылки доступа

Кыргызстан менен Кытай кызматташтыгын бекемдөөдө


Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Кытай ТИМ башчысы Ван И менен жолугушуп, ага “Данакер” орденин тапшырды.

Мамлекет башчысы кыргыз-кытай кызматташтыгынын бир мисалы катары “Датка-Кемин” көмөкчордонун куруу долбоорун атады. Ал Кыргызстанга реалдуу энергетикалык көз карандысыздыкка жетишүүгө шарт түздү деп эсептейт.

- Дал ушул акыркы үч жылда кызматташуу жигердүү өнүгүүдө. Өлкөлөрүбүз ортосундагы мамилелер таптакыр жаңы деңгээлге чыкты. Бул жылы электр жарыгы болобу-жокпу, аны кошуналарыбыз өчүрүп салбайбы деп кыжаалат болгон жокпуз. Кытай биздин энергетика жаатында көз карандысыз болушубузга чоң салым кошту. Ошондуктан мен КЭР төрагасы Си Цзиньпинге чоң ыраазычылык билдирем. Кытай – Кыргызстандын чыныгы досу, - деп билдирди президент Атамбаев сыйлык тапшыруу аземи учурунда.

Андан соң министр Ван И Казакстан менен Өзбекстанга жөнөп кетти. Ал ушул жумада Ташкентте өтө турган ШКУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин саммитине катышат.

XS
SM
MD
LG