Ссылки доступа

Көрүстөндөгү мушташ боюнча мурдагы директор тажиктерди айыптоодо


Москванын Хован көрүстөнүндөгү үч тажиктин өлүмүнө алып келген кандуу кагылыштан кийин мигранттар дале бул жердеги ишине кайрылып келише элек.

Көрүстөндүн мурдагы директору азыр камакта. Ал 14-майдагы кандуу окуяларга тажик эмгек мигранттары күнөөлүү деп эсептейт. Бирок мигранттар Юрий Чабуевдин мындай пикирин четке кагышат. Айтымдарында, ал өзүн актоо үчүн ушунтип далбас урууда.

14-майда кылмыштуу топ менен тажик мигранттарынын ортосунда чыккан мушташ учурунда үч тажикстандык жаран каза таап, дагы 30 адам, анын ичинде 23 тажик жарадар болгон. Жабырлануучулардын айтымында, кавказдык кылмыштуу топ мигранттарга “салык” салып, маянанын жарымын аларга берип турууну талап кылышкан. Бирок тажиктер мындан баш тартып, ушундан улам мушташ чыгып кеткен. Ал ок атышуу менен коштолгон.

Мындан соң көрүстөндө иштеген 110 тажик жумушчусу камакка алынган. 22 тажик мигранты 15 суткага кесилген, жетөөсү жазасын өтөп бүткөндөн кийин Орусиянын аймагынан чыгарылат.

XS
SM
MD
LG