Ссылки доступа

Өзбек окуучусу президент Каримовдун ак баскан чачына суктанат


Өзбекстандын социалдык түйүндөрүндө Фергана облусунун Кувин районунун №64 мектебинин 4-классынын окуучусу Махсум Абдулахадованын президентке арнаган ыры кеңири талкууланууда.

“Биз – улуу өлкөнүн балдарыбыз” фестивалы Өзбекстандын маданият жана спорт иштери боюнча министрлигинин демилгеси менен уюштурулган. Демилгени “Камолот” жаштар коомдук кыймылы, Жаштардын маданият жана искусство борбору, “Узбекнаво” эстрадалык бирикмеси да колдогон.

Ырдын башында Махсум Абдулахадова Ислам Каримовду өз айылына конокко чакырган. Кичине кыз президенттин ак кирген чачтарына суктана тургандыгын жана ага өзүнүн ар бир чачын айырбаштоого даяр экендигин айткан. Чоңойгондо Каримовдун урматына сөзсүз поэма жаза тургандыгын убада кылган.

Өзбекстанда президент Ислам Каримовго расмий иш-чаралар учурунда «Биздин улуу урматтуу президентибиз”, “Биздин улуу урматтуу журт башчыбыз” же “Эгемендигибиздин архитектору” деп кайрылышат.

XS
SM
MD
LG