Ссылки доступа

Тажикстанда сайттарга бөгөт койгондорду жазалоо сунушталууда


Тажикстан Акыйкатчысы Зариф Ализода “провайдерлер алдын-алуучу техникалык иш-чаралары өткөргөн учурда интернет колдонуучулардын укуктары сакталышы керек” деп эсептейт. Бул тууралуу ал 24-майда Дүйшөмбүдө өлкөдөгү адам укуктарына байланышкан жагдай туурасында жасаган жылдык баяндамасында белгиледи.

Анын айтымында, былтыр news.tj, tojnews.org, ozodi.org, ozodagon.com, faraj.tj жаңылык сайттарына, ошондой эле youtube.com видеохостингине жана Вконтакте.ru, facebook.com, одноклассники.ru социалдык түйүндөрүнө бөгөт коюлган. «Жарандардын маалыматка жетүү укуктарын бузбоо максатында сайттарга расмий уруксатсыз бөгөт койгон провайдерлерге карата мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек”, - деди ал.

Тажикстанда интернет-сайттарга бөгөт коюуга байланышкан соттук доо арыздар берилген учурлар каттала элек. Өлкө өкмөтүнүн байланыш кызматы веб-ресурстарга бөгөт коюуга көрсөтмө бербегендигин айтып чыкты. Ал эми провайдерлер болсо “жогортон көрсөтмө болгон” же “техникалык себептерден улам” деген шылтоолорду карманышат. Азыркы тапта «Азия-Плюс», «Радио Озоди» жана «Озодагон» ММКларынын сайттарына кирүүгө мүмкүн эмес.

Акыйкатчы бул сунуш Жогорку соттун чечими менен жыбалган сайттарга тиешеси жок экендигин белгиледи. Экстремизмге чакырган ондогон серверге Жогорку соттун чечими менен бөгөт коюлган. Алардын катарында Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын сайты да бар.

XS
SM
MD
LG