Ссылки доступа

Кыргыз-өзбек мамилеси футболго таасирин тийгиздиби?


Өзбекстан менен Кыргызтандын футбол боюнча улуттук курама командаларынын 2-июнга белгиленген жолдоштук беттеши эмне себептен болбой калганын коңшулар ачыктаган жок. Мелдеш Ташкент шаарындагы “Бунёдкор” стадионунда өтмөк.

Эки кураманын беттешери тууралуу маалымат 13-майда белгилүү болгон. Андан бир жума өтпөй өзбек тараптын демилгеси менен оюн болбой калды.

- Кыргызстандын футбол федерациясына Өзбекстандын футбол федерациясынан 2-июнга белгиленген жолдоштук беттешти өткөрүүдөн баш тарткандыгы тууралуу расмий кат келди. Ошол себептен улам биздин улуттук курама команданын 23-майда баштала турган окуу-машыгуусу 28-майга жылдырылды. Кыргызстандын футбол федерациясынын башкы катчысы Дастанбек Конокбаевдин расмий билдирүүсүндө атаандаш табууга өтө аз убакыт калгандыктан июнь айында эч кандай беттеш болбойт. Демек, команда оюнчулары планга ылайык машыгуусун гана өткөрүшөт. Кийинки жолдоштук беттешүү август айына белгиленген, -деди Кыргызстандын футбол федерациясынын маалымат катчысы Наталья Угрюмова.

Кийинчерээк белгилүү болгондой, коңшулар 2-июнда өз талаасында Гвинея менен беттешет.

Өзбекстандын футбол федерациясынын Кыргызстан менен жолдоштук беттеш өткөрүүдөн баш тартуусуна саясий себептер да түрткү болушу мүмкүндүгүн айрым адистер айтышууда. Ушул жылдын март айында эки өлкө ортосунда чек арага байланыштуу талаш маселелер орун алган.

18-майда Кыргызстан Арал деңизин сактап калуу боюнча эл аралык фонддун жана анын органдарынын ишине катышуусун убактылуу токтоткону да оюндун болбой калышына себептердин бири катары аталууда.

XS
SM
MD
LG