Ссылки доступа

Казакстанда жер тилкелерине байланышкан абалды «чагым» деп аташты


Ондогон адам Астана шаарынын Сарыарка районунун акимчилигине барып, турак-жай куруу максатында жер тилкесин алууга документтерди тапшыруу үчүн кезекке турушкан. Ушундай эле абал Шымкент шаарында да байкалган.

Жергиликтүү бийлик жер тилкелерин берүү жөнүндө сөз болбогондугун билдирип, мындай кезек күтүүлөр социалдык түйүндөрдөгү “чагымчылдык” менен ушак-айыңдын айынан жаралгандыгын айтышууда.

Астананын акимчилигиндеги турак-жай башкармалыгынын жетекчиси Руслан Ахметов Tengrinews агенттигине маалымдашынча, белгисиз адамдар батир же 10 сотка жер тилкеси элге берилип жаткандыгын кабарлаган жалган смс таркаткан.

«Мен шаардын ар бир жашоочусуна кайрылып, Астана акимчилигинин турак-жай башкармалыгы бардык маалыматты расмий ММКларга жайгаштыра тургандыгын айткым келет. Анын ичинде акимчиликтин, турак-жай башкармалыгынын интернет-ресурстарына, болбосо гезитке, телеканалдарга жана ММКларга жайгаштырабыз”, - деди Ахметов.

“Жер жөнүндө” кодексте Казакстандын ар бир жараны үй куруу үчүн 10 сотка жер тилкесин алууга укуктуу экендиги жазылган. Бирок көпчүлүк ири шаарларда бул мыйзам убактылуу ишке ашпай турат. Бийликтин айтымында, жер тилкелери бардык инженердик коммуникациялар өткөрүлгөн жерлерде гана берилиши мүмкүн.

Видео

XS
SM
MD
LG