Ссылки доступа

Германиялык «күмүш» Дилшод Назаровго ыйгарылды


Дилшод Назаров балка ыргытуу боюнча Германияда өткөн дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду ээледи. Ал Рио-2016га жолдомо алган жападан-жалгыз тажик спортчусу болуп саналат.

Белгилүү тажик спортчусу Дилшод Назаров балка ыргытуу боюнча дүйнө чемпиондугунда экинчи орунду ээледи. Бул ирет ал балканы 78 метр 34 сантиметр аралыкка ыргыта алды. Анын атаандашы, польшалык Павел Файдек балканы 80 метр 39 сантиметр аралыкка ыргытып, рекорд койгон.

Өткөн жумада 34 жаштагы Дилшод Назаров Чехияда өткөн «Оstrava golden spike» мелдешинде балканы 78 метр 82 сантиметр аралыкка ыргытып, күмүш медалга ээ болгон. Анда да Павел Файдек биринчиликти илип кеткен (80,66 метр).

Дилшод Назаров - Рио-де-Жанейродогу Жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган жападан-жалгыз тажик спортчусу. Жеңиштен соң ал июндун аягына чейин Чехияда болуп, алдыдагы Олимпиадага даярдык көрө тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG