Анын негизинде бир мекемеде жөнөкөй жумушчулар 10 пайыздан, ал эми жетекчилик жана өзгөчө кызматтагылар 20 пайыздан ашык чет өлкөлүктөрдөн болбошу керек.
“Мурун мындай талаптар болгон эмес. Ошондуктан, өлкөгө мыйзамсыз кирген эмигранттар болуп келген. Эми өлкөбүздөгү ички эмгек рынокторун коргоо жана жарандарды жумуш менен камсыз кылуу максатында жаңы мыйзам долбоор сунушталууда”,- деди Бакыт Адылов.
Адылов кошумчалагандай, учурда бул мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду.
Буга чейин тыштан келген жумушчуларга уруксат кагаздарды берүүдө коррупциялык көрүнүштөр орун алат деп көптөгөн сындар айтылып келген.