Ссылки доступа

Казакстан бюджетти колдоо үчүн 1 миллиард доллар карыз алды


Казакстан парламентинин депутаттары Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынан 1 миллиард доллар өлчөмүндө карыз алуу боюнча келишимди ратификациялады.

Каражат макроэкономикалык башкаруу тармагын өнүктүрүү үчүн жумшалат. Ошондой эле республикалык бюджеттик программаларды дагы өз маалында каржылоого керектелмекчи.

Каржы министри Бахыт Султановдун маалымдашынча, банк 2,5 жыл жеңилдетилген убакыт берет, карызды төлөөнүн мөөнөтү - 20 жыл.

Казакстан 2016-жылдагы бюджеттин таңкыстыгын жабуу үчүн Азия өнүктүрүү банкынан 1 миллиард доллар насыя алган.

Республикалык бюджеттин март айында киргизилген өзгөртүүлөрүнө ылайык, ушул жылы тартыштык 902,7 миллиард теңгени (2,7 миллиард долларды) түзөт.

XS
SM
MD
LG