Ссылки доступа

Умида Ахмедовага Вацлав Гавел сыйлыгы берилди


Норвегиянын борбор шаары Ослодо “Эркиндик форумунун” алкагында Вацлав Гавел атындагы Эл аралык сыйлыктын лауреаттарына сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Алардын арасында  өзбекстандык режиссер  жана фотожурналист Умида Ахмедова да бар. Ал “Креативдүү нааразычылык” сыйлыгын жеңип алды.

Умида Ахмедова 2010-жылы сүрөттөрү жана даректүү тасмалары менен өзбек элинин аброюна шек келтирген деп айыпталып, үч жылга эркинен ажыратылган. Кийин мунапыска илинген.

Ал сыйлык тапшыруу аземинде акыркы алты жыл ичинде тоталитаризмден коркуу сезими менен күнүнө алышып келе жаткандыгын айтты.

Бул жылы Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка ирандык сүрөтчү Атена Фархадани менен орусиялык сүрөтчү-акционист Петр Павленский да татыган. Фархадани социалдык түйүндөрдө карикатура жайгаштыргандыгы үчүн 12 жылга кесилген. Анда иран депутаттарынын баштарынын ордуна айбанаттардын баштары чагылдырылган болчу. Петр Павленский болсо саясий перформанстары менен белгилүү. Былтыркы жылдын ноябрында ал Москвадагы Орусия Федералдык коопсуздук кызматынын эшигин өрттөп жиберген. Азыркы тапта ага каршы “тарыхый эстеликке зыян келтирген” деген айыптоо менен соттук жараян жүрүп жатат.

Вацлав Гавел атындагы сыйлыктын лауреаттарына статуэткалар менен 350 миң норвегиялык крон тапшырылды.

XS
SM
MD
LG