Ссылки доступа

Вашингтон: талиптер зомбулук стратегиясын улантууда


Талиптердин ооган өкмөтү менен “жакынкы мезгилде” сүйлөшүүгө келиши күмөндүү. Бул тууралуу АКШ президенти Барак Обама 26-майда Жапонияда Чоң жетилик саммитинин көшөгө артындагы сүйлөшүүлөрү учурунда билдирди.

Обама жаңы лидерин шайлаган соң талиптер зомбулук стратегиясын улантууда деп эсептейт. Анын айтымында, АКШ Ооганстандагы демократия жараяндарын колдойт жана “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу бул өлкөдө тамыр жайышына жол бербейт.

“Мезгили келип, талиптер өлкөнү басып алууга мүмкүнчүлүгү жок экенин билип, сүйлөшүүгө келет деп үмүттөнөм. Бирок ал мезгил эрте келерине күмөнүм бар” деди Барак Обама.

25-майда "Талибан" жаңы лидери деп Хейбатулла Ахунзаданы атады. Ал АКШ күчтөрүнүн соккусунан өлгөн Ахтар Мансурдун ордуна шайланды.

(Талиптердин кол башчылар тобу жаңы лидери Ахунзадага ант берип жаткандагы видеонун түп нускасын бул жерден көчүрүп алсаңыз болот)

XS
SM
MD
LG