Ссылки доступа

Тажик чек арасы аркылуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсү жеңилдеди


Тажикстандын Унаа министрлиги Өзбекстан, Ооганстан, Кыргызстан жана Кытайдан жүк ташуучу автоунааларды киргизүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу үчүн бажы бекеттерине маалыматтык-байланыш системасын орнотту.

Унаа министрлиги алдындагы департаменттин жетекчиси Курбонхон Саидовдун айтымында, бул система автоунаа жана анын ичиндеги жүк туурасындагы маалыматты унаа басып өтө турган өлкөлөрдүн бажы кызматтарына жөнөтүүгө жол ачат. Бул текшерүү мөөнөтүн кыскартат.

Өзбекстан, Кытай, Ооганстан бажы кызматтарынын ортосунда электрондук маалыматтарды алмаштырууну калыбына келтирүү жана ишке киргизүү долбоору каралууда.

Буга чейин “Азаттыктын” тажик кызматы кабарлагандай, үч айга созулган ар сапар учурунда Өзбекстандын чек арасынан өтүү үчүн алар үч күн кармалууга аргасыз экендиктерин билдиришкен.

Транзит тартиптери боюнча жүк ташуучу унаалардын тажик айдоочулары Өзбекстандын аймагынан үч күн аралыгында чыгып кетиши керек. Кыргызстандыктардын 5 сутка калууга укугу бар болсо, түрк айдоочулары 20 сутка, орус айдоочулары Өзбекстан аймагында бир ай кала алышат. Дал ушул кыска мөөнөт жана Өзбекстандын узун жолу тажик айдоочулары үчүн башка өлкөлөрдө дагы көйгөй жаратат.

XS
SM
MD
LG