Бейшембиде Ереванда ЖККУга мүчө мамлекеттердин ИИМ жетекчилеринин кеңешмеси өттү. Отурумдун жыйынтыгында уюмга мүчө өлкөлөрдүн коопсуздугуна коркунуч туудурган жаңы чакырыктарга биргелешип каршы туруу жөнүндө келишимди даярдоо жана ага кол коюу боюнча макулдашылды. Ал коркунучтардын катарына терроризм, эл аралык кылмыштуулук, баңгизатка байланышкан кылмыштуулук, адамдарды сатуу, массалык баш-аламандык жана башка укуктук тартип менен жарандардын коопсуздугуна шек келтирген иш-аракеттер киргизилген.
ЖККУ курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.