Ссылки доступа

Донбасста беш украиналык жоокер окко учту


Расмий маалыматка караганда, 28-29-майда Украинанын чыгышында өкмөттүк армия менен орусиячыл жикчилердин кармаштарында беш аскер окко учту, төртөө жарадар болду.

Ишембиде уруш күчөгөнү кабарланган. Тараптар ок атышпоо келишимин бузууда деп бири-бирин айыпташууда. Донбасстагы кырдаал курчуганына байланыштуу украин президенти Петро Порошенко чет өлкөдөн жардамды көбөйтүүгө чакырды жана НАТОнун мурдагы баш катчысы Андерс Фог Расмуссенди өз кеңешчиси кылып дайындады.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан берки куралдуу жаңжалдан 9100дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылып, 21 миңдей адам жаракат алган.

XS
SM
MD
LG