Ссылки доступа

Казакстандагы митингдерден соң жоопко тартылгандар 50дөн ашты


21-майда Казакстандын ар кайсы шаарларында кармалган 51 киши административдик жоопко тартылды, кылмыш иши козголгон жок.

Бул тууралуу Казакстандын баш прокурорунун орун басары Андрей Кравченко жер реформасы боюнча өкмөттүк жыйында билдирди. Ал бир да шаарда митинг өткөрүүгө уруксат берилбегенин белгилеп, “бирок бул кишилер эмне күтүп турганын билип туруп, митингге чыгышкан” деп айтты.

Анын айтымында, кармалган 51 жарандын төртөө административдик жазага тартылып, камалды. 12 жаранга айыппул салынган, 21 кишиге сот тарабынан эскертүү берилген.

21-майда Казакстандын Астана, Алматы, Атырау, Чимкент жана башка шаарларында жердин чет элдиктерге сатылышына каршы митингге чыккан жарандар кармалган. Айрым маалыматтар боюнча, учурда мыйзамсыз митинг уюштурду деген айып менен отуздан ашуун активист камакта отурат.

XS
SM
MD
LG