Ссылки доступа

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды


Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык окуучусу чымынга каршы каражаттан улам ууланганын тастыктады.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Навруз Джафаров Борбор Азия жаңылыктар кызматына билдиргендей, класстарга чымынга каршы каражаттарды себишкен. Мындан улам 27- майда мектепке келген 52 окуучу ууланган. Айрым балдар эс-учун жоготсо, кээсинин дем алуу органдары жабыркаган.

Жабыр тарткан окуучулар жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Эстерине келген соң, өмүрлөрүнө коркунуч жок деген жүйө менен дарыгерлер аларды үйлөрүнө жиберди. Саламаттыгы оор делген 7 бала ооруканада калган. Бирок 28-май күнү алардын абалы турукташып, үйлөрүнө кетишти.

Жергиликтүү бийлик чымын-чирекейден арылуу үчүн химиялык жол менен мектеп бөлмөлөрүн тазалоону чечкен. Дарыгерлердин айтымында, бул каражат абага тарагандан кийин адамдын өмүрү үчүн коркунучтуу, ошондуктан балдар мектепке келген соң өздөрүн начар сезишкен.

Бул арада айыл мектебин химиялык жол менен тазалоо учурунда жалпысынан 75 адамдын ууланганы айтылууда.

Мындан тышкары жума күнү Файзабад районунун Суфиён кыштагындагы мектепте 11 окуучу акыл-эсин жоготуп, ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта алардын айрымдары Дүйшөмбүдө дарыланууда.

XS
SM
MD
LG