Ссылки доступа

Орусия: аткаминерлерге WhatsApp, Viber, Skype колдонууга тыюу салынышы мүмкүн


Орусиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги аткаминерлерге жана аскер кызматкерлерине чет өлкөлөрдүн мобилдик тиркемелерин колдонууга тыюу салууну сунуштоодо.

"Коммерсант" басылмасынын жазышынча, Google компаниясынын Gmail электрондук почтасы, WhatsApp, Viber, Skype жана Telegram кызматтарына чектөө киргизилиши мүмкүн.

Ал эми чектөөгө кириптер болгон 2,5 млн колдонуучу үчүн келечекте мамлекет өзү тиркеме чыгарары, аны ойлоп табуу mail.ru менен Интернетти өнүктүрүү институтуна сунушталганы айтылат. Демилге өлкө башчысы Владимир Путинге жөнөтүлгөн.

Мындан сырткары Экономикалык өнүгүү министрлиги мамлекеттик органдарга чет өлкөлүк компьютердик программаларды сатып алууга тыюу салууну сунуштамакчы.

Ошондой эле орусиялык аналогу бар чет өлкөлүк эсептөө техникаларын жана телекоммуникациялык жабдыктарды да сатып алууга тыюу салууну көздөшүүдө. Эреже бузгандарды административдик жазага тартуу каралган.

XS
SM
MD
LG