Ссылки доступа

НАТОнун Европадагы өлкөлөрү коргонуу үчүн мурдагыдан көп акча бөлөт


Орусиялык агрессиянын артышынан улам, акыркы 10 жылдан бери алгач ирет НАТОго мүчө европалык өлкөлөр коргонуу үчүн чыгымдарын көбөйтөт.  Чыгымдардын жогорулай тургандыгын НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг The Financial Times гезитине билдирди.

" Божомолдор көрсөткөндөй, 2016-жыл үчүн европалык өнөктөштөрдүн коргонууга бөлгөн каражаттары көбөйөт. Биз коопсуздук тармагындагы жаңы чакырыктарга, белгисиздикке жана коркунучтардын артышына бетме-бет келдик. Буга байланыштуу бизге биримдик жана туруктуулук керек”,-деди Түндүк Атлантика альянсынын башчысы.

Муну менен бирге Столтенберг Евробиримдиктен Улуу Британия чыгып кетсе, коргонууга акча бөлүү планы коркунучка кептелиши мүмкүн экендигин кошумчалады. Йенс Столтенберг өнөктөштөрдөн алган маалымат болжолдуу жана сыр экенин белгилеп, коопсуздукка бөлүнө турган каражатынын так суммасын айткан жок.

Басылма белгилегендей, НАТОнун европалык өллкөлөрү өткөн жылы коргонуу үчүн 253 миллиард доллар бөлгөн. АКШ бул багытка 618 миллиард доллар жумшаган. Европалык өнөктөштөр ички дүң өнүмдүн эки пайызын коргонууга сарпташы керек деген сунушту эске алганда, НАТОнун Европадагы мамлекеттери аскердик керектөөлөргө кошумча 100 миллиард доллар бөлүшү керек. Азыркы чыгымдын көлөмү ички дүң өнүмгө карата орточо 1,43 пайызды түзөт.

XS
SM
MD
LG